Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Жонсон Sky News телеканалына берген маегинде Европада коронавирус эпидемиясынын экинчи толкунунун белгилери пайда болгондугун айтып келип: -«Биз барыбыз өткөндө эмне болгондугун жакшы билебиз. Ошондон улам Британия зарыл чараларды кабыл алып, бардыгына даяр туруусу керек»,-деп кошумчалаган.

Мындан сырткары, ал Британия бийлиги тарабынан өлкөгө Испаниядан келишкендер үчүн кабыл алынган эки жумалык карантин аргасыз кабыл алынган чаралар болгондугун, анан албетте оорунун жаңы учурлары катталган өлкөдөн келгендер үчүн мындай чектөөлөр ашыкча болбой тургандыгын белгилеген.

Белгилей кетсек, учурда коронавирус илдетин Британиянын 300 692 адамы жуктуруп алса, бардыгы болуп 45 878 бейтап бул дүйнө менен кош айтышкан.