Въетнамдын Дананг шаарында, ошондой жле ага жакын жайгашкан провинцияларында коронавирустун жаңы түрү пайда болгондугу аныкталды.

Акыркы беш күн ичинде аны төрт адам жуктуруп алгандыгы такталган жана алардын экөөнүн абалы кыйла оор. Въетнам дарыгерлеринин айтуусу боюнча вирустун жаңы түрү өзгөчө агрессивдүү жана өтө тез көбөйөт. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча вирус өлкөгө мыйзамсыз мигранттар аркылуу кирген.

Инфекциянын жайылуусун алдын алуу үчүн COVID-19 илдетин алдын алуу жана контролдоо боюнча Улуттук комитеттин эксперттери Дананг шаарына сырттан келип жатышкан бардык жарандар үчүн милдеттүү түрдө эки жумалык карантин киргизген.