Чүй облусунун Жайыл райондук соту тарабынан 24 жаштагы Р.Б. киши өлтүргөндүгү үчүн 12 жыл 6 айга камалган. Бул тууралуу соттун өкүмүндө маалымдалды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу ичип жаткан шериктерин катуу сабап салган. Экинчиси алган жаракаттарынан улам көз жумган.


“Тактап айтканда, Р.Б маркумдун колу-бутун байлап, андан соң аны шапкеси менен оозун жаап,  тепкилеп, андан кийин ага дөңгөлөктү тагып, уруп-сабаган. Сотто Р.Б. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, ал окуя болгон күнү маркум менен жолугуп, ага суусундук сунуш кылган. Арак ичип жатып, чыр чыгып, анын жанындагы досун сабап кетип,  калган », — деп айтылат өкүмдө.