Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжи 24-октябрда беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт CNN басылмасына билдирген.

«Хабиб менен Гэйтжинин беттеши 24-октябрда болот. Хабибке атасы каза болгондон бери оор болуп жатканын түшүнүп турабыз. Ал атасы менен өтө жакын мамиледе болчу«, — деген Уайт.

Беттеш кайсы жерде өтөөрү так  айтылган эмес.

Белгилүү болгондой, буга чейин сентябрь айында өтө турчу UFC 253 турнирине Хабиб Нурмагомедов катышпай тургандыгын мушкердин менеджери Ризван Магомедов кабарлаган.