Бул тууралуу, Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын расмий социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз”, — деген Алтынбек Сулайманов.

“Мекендештерибиздин талабына ылайык, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн таза көз караштагы күчтүү команда керек. Сөздөн ишке өтө турган учур келди”, — деген Алтынбек Сулайманов.