Филиппин Айыл чарба департаменти өлкөнүн түндүгүндө, тагыраак айтканда Пампанго провинциясында H5N6 жогорку патогендүү куш тумоосу аныкталгандыгын жана ага каршы күрөшүү үчүн бийлик 39 миң тооктуу жок кылгандыгы тууралуу билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, куш тумоосунун очогу катары Сан-Луис районундагы тоок фермасы аныкталган.

ММКлардын билдирүүсүнө караганда ушул өңдүү куш тумоосу 2017-жылы Пампанга жана Нуэва-Эсиха провинцияларында аныкталган, бирок анда аталган илдеттин адамга жуккан учурлары катталган эмес.