Бүгүн,  29-июлда,  “Нурлуу кайрымдуу кыздар жамааты” коронавирустан каза болгондорго куран багыштады. Куран окутууга устаз Чубак ажынын уулу Абдулла катышты.

Ошондой  эле курман айтты утурлап карылар үйүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана калктын аярлуу катмарына соц пакеттер таратылды.

Жамааттын мүчөсү ишкер айым Инаят Ниматованын айтымында:

“Карантин башталгандан  бери  “Нурлуу кайрымдуу кыздар тарабынан жалпы 10 млн сом  кайрымдуулукка жумшалды. Алты балалуу аялга үй алып бердик . Медиктердин майрамында 900 миң сомго белек бечкек керектүү каражаттар алынды. 7 облуска тең бирдей 60 тай консентраторлорду, дары-дармек сатып бердик.
Чубак ажынын үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көргөздүк-,”
дейт.

Эске салсак,    аталган жамаат   пандемия башталгандан тартып, өкмөттү эле карап калбай, өз алдынча элдин ден-соолугуна кам көрүп  жасалма дем алдыруучу аппараттарды, дары-дармектерди пульсоксиметр, термометр, коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды,сатып беришти.

  Эл ичинен суурулуп чыгып кыйын кезде кол сунган  ишкер айымдар жамааты өлкөбүздө бар экени кубандырат. Алган колдон берген кол артык демекчи, мындай калк керегине жараган инсандарды кезинде сыйлап, барктап калуу коомдун милдети деп билүү керек.