Салык кызматынын мурдагы тѳрагасы, И. Раззаков атындагы коомдук фонддун жетекчиси Замирбек Осмонов кичи мекени Лейлек районуна ѳзүнүн жардамдарын кѳрсѳтүп, райондун социалдык маселелерин чечүүгѳ кол кабыш кылып келетканы маалым. 

Фейсбук колдонуучу Эльмира Калбаева Замирбек Осмоновдун  дагы бир эл үчүн кылган ишин жазып чыкты. Ал Замирбек Осмоновдун ѳз каражатына  Лейлек районунун 2-кичи районундагы кѳптѳн бери иштен чыгып калган тереңдиктен суу тартуучу насосту ишке киргизгенин маалымдады. Муну менен аталган жетимиш үй-бүлѳ таза суу менен камсыз болгон. Эльмира Калбаева ошондой эле исфаналыктар Замирбек Осмоновго ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашканын  кошумчалады.

Мындан сырткары,  ал  Замирбек Осмонов менен Лейлектин дагы бир кулуну Аширбай Жусупов ковид илдетине каршы күрѳшүүдѳ да четте турбай, Лейлек аймактык ооруканасынын жандандыруу (реанимация) бѳлүмүнѳ 2 кычкылтек концентраторун, 1000 даана беткап, 200 даана респираторлорду тартуулашканын да жазды.  

«Бар болгула, азаматтар! Силерден үлгү алышкан уул-кыздарыбыздын катары калыңдай берсин ылайым!», — деген каалоосун билдирген  Эльмира Калбаева. 

Булак: Медиа центр