Блогер, Качкын Жаналиев Сапар Исаковдун айланасындагы коррупциялык ишти ачыка чыгарып, өзүнүн көлөмдүү макаласын жарыялады.

Экс премьер министр Сапар Исаковду «Бийликке мен алып келгем, карьерасын мен жасагам» деп эле мурда көп саясатчылар мактана берчу. Андай эмес. Бул баланы алгач Кочкор коомунун төрагасы Дүйшөн Ырсалиев жардам берип ТИМге жумушка киргизет, андан аркысын ыраматылык Медет Садыркулов колдоого алган. Ал эми жеген ичкен жагынан ким жардам бергенин бут өлкө билет. Атамбаев бийликке келери менен мурдагы санаалаштарынан качып, тегерегине «золотой молодежду» топтой баштаган.

Ана башы дипломатиялык идиреги бар Сапар Исаков болгон. Атамбаевдин ишенимине толук киргенден кийин экономикалык маселелерге да аралашып, ири долбоорлорго инвестор тартып, аларга процентке отура баштаган. Эсиниздердеби Астанада откон эл аралык жолугушууда Атамбаевге лобби кылып, Чехиялык аты жыты белгисиз, омуру энергетика тармагында иш кылып корбогон, болгону бир идиш аяк чыгарган фирмага Камбар Ата ГЭСин курууну бердирип салганы.

Чехияда жашаган кыргыздар бул авантюраны билип калып токтотуп калган. Ал эми ТЭЦ боюнча маселе башкачараак. Бир плоскогубцы кантип 600 долларга айланып калган тарыхына келсек, убагында 150 млн долларга реконструкция болчу ТЭЦти булар Кытайга ат тезегин кургатпай каттап жатып 360 млн долларга көбөйтүп келген. Эки эсе! Пекинде болгон сүйлөшүүдө ошол учурда котормочу катары, дипломатиялык окул катары бир кыз катыш катышкан. Анын айтымында Сапар Исаков Кытайлык ТВЕА компаниясын көп аракеттер менен кондургон. Анткени ТВЕАдагылар алгач бааны абдан которуп жатасынар деп макул болгон эмес.

Себеби Кытай бийлиги коррупциялык элементтер бар экенин билип баш тартышкан. Сапар Исаков «Биз тараптан эч кандай проблема болбойт, бардык кагаздарга кол коюп беребиз, аудит Кыргызстандан гана болот» деп ишендирип, 360 млн долларды Кыргызстанга карыз кылып илип койгон. Ипподром да, Тарых музейи да дал ушул схема менен акчалар уурдалган. Чолпон Атадагы ипподромду салган адам жакында эле күйүттөн өтүп кетти. Анткени Сапар Исаковго ишенип алып алданып калганын кийин билди. Ал эми Тарых музейи боюнча бир плоскобуца 600 долларга алгандай эле жыгач аттарды 1100 евро, столдорду 800 евро кылып кагазга жазышып, чет элдик фирмага акчаны которуп беришип, ал жактан кайра өз проценттерин алып турушкан. Маселе мына ушунда.