Бүгүн, 29-июлда Өзгөн районунда киши колдуу болгон таксисттин айылдаштары Өзгөн районунун борбордук аянтына чогулду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Зергер айыл өкмөтүнүн 200дөй тургуну Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына топтолуп, 29 жаштагы таксистти мыкаачылык менен өлтүргөндөргө байланыштуу кылмыш иши жабылбасын, ачык, так тергелип, айыптуулар деген талапты коюшту. 

Алар  менен Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев жолугуп, окуяны өз көзөмөлүнө ала турганын айтып, элди тарап кетүүгө чакырды.

Белгилүү болгондой, буга чейин  жегиликтүү басылмалар  аталган окуя тууралуу жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, 24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы уулу 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен.