Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев карантинди эки аптага узартууга буйрук берди. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазышты.

Президент өз чечими тууралуу бүгүн, 29-июлда премьер-министр Аскар Мамин жана саламаттык сактоо министри Алексей Цойду кабыл алып жатып айтты.

Буга чейин Цой чектөөлөрдү 3-августтан тартып жумшартуу каралып жатканын айткан.

Эске салсак, коңшу өлкөдө экинчи ирет карантин 5-июлда эки аптага киргизилип, андан кийин 5-августка чейин узартылган.

29-июлга карата аталган мамлекетте коронавирусту жугузуп алгандардын саны 86 миңден ашты. 800дөй бейтап көз жумду.