30-июль — Улуттук аза күтүү күнү. Буга байланыштуу Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик желектер түшүрүлөт. Ошондой эле өлкөнүн чет мамлекеттердеги мекемелеринде коронавирус илдетинен көз жумган жарандарды эскерүү иш-чаралары болот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына бул күнү көңүл ачуучу багыттагы берүүлөрдү көрсөтпөөнү сунуштайт.