Бразилияда коронавирус илдетинин такталган учурларынын саны акыркы сутка ичинде 70 миңге көбөйүп, 2,5 миллиондон ашты. Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча соңку 24 саат ичинде 69 074 жаңы учур катталып, 1595 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жалпы жолунан Бразилияда бардыгы болуп 2 552 265 учур катталып, 90 134 адам каза болгон. Эске сала кетсек, Бразлия коронавирус илдетине чалдыккандардын саны боюнча Түштүк жана Түндүк Америкадан кийинки эле экинчи орунду ээлейт.