Белгилүү ырчы, обончу Түмөнбай Колдошовдун буга чейин Бишкек музыкалык педагогикалык колледжине директор болуп дайындалганын маалымдаганбыз. Бир айга жетелек аралыкта алгач окуу жайдын короосун оңдоодон баштады.

«БМПКнын короосуна жаңы төрт отургуч орнотулду. Эмгек жамаатка, студенттерге, коңшу тургундарга кызмат кылсын»,-деди Колдошев.

Түмөнбай Колдошов Алтынай Нарбаева аткарган “Жарты кайык”, Самара Каримова ырдаган “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, Эрнист Бөрүбаевдин “Сиз жөнүндө”, Айпери Кулбаеванын аткаруусундагы “Элегия” ырларынынын обонун жазган. Жалпысынан 50гө жакын ырга обон берген.