30-июлда «Аэрофлот – Россия Авиакаттамдары» авиакомпаниясынын Москва–Ош багыты боюнча каттамы менен Кыргызстанга 283 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Комиссия тарабынан түзүлдү.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар кирди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.