30-июлга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Ош ш. – 9
• Ош облусунда – 7
• Жалал-Абад облусунда – 2
• Ысык-Көл облусунда – 6
• Нарын облусунда – 2
• Баткен облусунда – 6

Ал эми бир суткада 13 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 56 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2743 учур катталды, алардын ичинен 1664 медкызматкер айыкты.