АКШ президенти Дональд Трамп Германиядан 12 миң америкалык аскер кызматкерлерин чыгарып кетүү тууралуу жар салды. Бул өлкөдөгү АКШ аскерлеринин 25%дан көбүрөөк бөлүгүн түзөт.

Мунун негизги себеби катары Трамп Германия бийлигинин коргонуу чыгымдарына каражатты жетишсиз бөлүп жаткандыгын көрсөткөн. Ошол эле учурда АКШ Конгрессиндеги демократтар менен республикачыл партиялар Германиядагы америкалык контингенттин санын азайтуу Москва үчүн чоң белек болуп каларын айтышууда.

Бирок, АКШ Коргоо министринин айтуусу боюнча бул аскерлердин бир бөлүгү гана үйлөрүнө кайтаарын, ал эми калган бөлүгү Италия жана Бельгия менен бирге ЕБ башка өлкөлөрүнө дислокациялана тургандыгын белгилеп өткөн.