Коом
Нарында үймө-үй кыдырып ооруларды аныктоо иштери улантылууда
Бул аракет үйүндө ооруп аткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүү, оорунун кесепеттерин алдын алуу максатын көздөйт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Облуста 63572 түтүн калк болсо, анын 35346сы мобилдик топтор тарабынан кыдырылып, абалын көрүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде 5337 адам медициналык мекемелерге текшерүүгө жиберилди.