Бүгүн, 30-июль Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясынан каза болгондор үчүн Улуттук аза күтүү күнү. Буга байланыштуу бир катар мамлекет башчылары көңүл айтып, кайрылуу жолдошту.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты.

«Боордош кыргыз элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан жарандарга тез арада сакайып кетишин каалайм.

COVID-19 кооптуу вирустук инфекциясынын глобалдуу жайылуу тенденциясына терең тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз. Достук мамиледеги Кыргыз өлкөсү пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарды татыктуу жеңип чыгарына, ошондой эле илдетти ооздуктоо жана эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өлкө өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар күтүлгөн натыйжага сөзсүз алып келерине ишенем.

Тажикстан менен Кыргыз мамлекетинин тамыры тереңге кеткен ак ниет коңшулук, өз ара кызматташуу жана өз ара жардамдашуу салттары байланыштырып келет.

Учурдан пайдаланып, кыргыз эли биздин колдон келген жардамыбыз менен колдообузга ар дайым таяна аларына сизди ишендирип кетким келет», — деп айтылат телеграммада.

Беларусь Республикасынын лидери Александр Лукашенконун кайрылуусу.

«Беларусь Республикасы коронавирус илдетинин жайылуусунан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргыз мамлекетинин жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө болооруна ишенем», — деп айтылат катта.

Александр Лукашенко Беларусь элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө чын ниеттен көңүл айтып, ооруп калган Кыргыз жарандарынын тез арада сакайып кетүүсүн каалады.