Бала бакча имараты оорукана иретинде пайдаланууга берилип, 120 орунга ылайыкташтырылды. Керектүү жабдыктар менен камсыздалып, шарттар түзүлдү.

Бүгүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жаңы ачылган жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү шарттар менен таанышып чыгышты. Бул бөлүмдү ачууну Нурболот Мирзахмедов демилгелеп, шаардык мэрия колдоого алган. Калаа бийлиги керектүү шарттарды түзүүгө көмөктөштү.

Кошумча ачылган жугуштуу оорулар бөлүмү Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана облустагы башка район-шаарлардан жарандарды кабыл алат. Имарат Курманбек аймактык башкармалыгынын Курортный ключ көчөсүндө жайгашкан. Азырынча облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө орун жетишпестиги жарала элек.