Эртең Курман айт күнү Бишкекте коомдук транспорт ишин токтотпойт. Бул туурасында Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимов билдирди.

Курман айт майрамы 31-июль, жума күнгө туш келип, Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланды.

Хакимов шаардык штабдын чечимине ылайык, автобус, троллейбус жана маршруткалар ишемби, жекшемби күндөрү гана каттамга чыкпай турганын түшүндүрдү.

Белгилүү болгондой эртең дагы коомдук транспорт башка жумушчу күндөрдөй эле эртең менен саат 7.00дөн 10.00гө чейин,  кечинде 17.00дөн 21.00гө чейин каттайт.

Булак: Спутник кж