Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун демилгеси менен, Нурмухаммед Миңбаев жетектеген «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстанга 560 дем алдыруучу (кислорода концентратор) аппараттарын алып келди. Дем алдыруучу аппараттар толугу менен КР өкмөтүнө өткөрүлүп берилди жана ошондой эле өкмөт тарабынан облустардагы,аймактардагы оорууканаларга жеткирилет. Учурдан пайдаланып» Ас-салам » коомдук фонду КРдин Кувейт мамлекетиндеги Элчилигине ар тараптан көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.