Маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун мандаты Молдалиев Сталбек Уметкуловичке өткөрүлүп берилди. Сталбек Молдалиев «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки турган.

Маалым болгондой, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү  жөнүндө токтом кабыл алды.

Молдалиев С.У. Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.

Сталбек Молдалиев ишкерлик менен алектенип келген.