Бишкекте коронавируска байланыштуу убактылуу ачылган күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандар кыйла азайды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, соңку бир сутка ичинде күндүзгү стационарларга 1 339 адам кайрылды, алардын сегизи ооруканага жаткырылды. Эки жума мурда бул жайларга бир суткада 4,5 миң адам кайрылган. Түнкү стационарларда 30-июлга караган түнү 294 адам тейленди. Бул бир жума мурдагыдан эки эсе аз.

Июль айынын башында Бишкекте коронавирусту дарылаш үчүн ачылган ооруканаларда орун жетпей, кыйынчылык жаралгандыктан, шаардын жетекчилиги 4-июлда кошумча стационарларды ача баштаган.

Ошондон бери 13 күндүзгү жана үч түнкү стационарларда 74 609 адамга жардам берилди. 15-июлда мэрия жалпысынан тогуз бейтап каза болгонун кабарлаган, андан бери көз жумгандар каттала элек.

Көз каранды эмес байкоочулар диагнозуна карабастан бейтаптардын баарын бир жерге топтоо кооптуу экенин, ал жакта бири-бирине илдет жугуу коркунучу бар экенин айтышууда.

Шаар жетекчилиги мындай кооптонууга негиз жок экенин, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып жатканын, керебеттердин арасы эки метр жана ортосунда тосмо бар экенин билдирүүдө.

Шаардын «Тез жардам» кызматы чалгандар азая баштаганын, бирок оорунун толкуну дагы болушу ыктымал деген жоромол бар экенин билдирген.