Кечээ, 30-июлда Бишкек шаарына Россиянын Екатеринбург шаарынан Кыргызстандын 229 жараны келди. Алардын арасында жаш балдар да бар экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган чартердик каттам менен Россияда окуган кыргызстандык студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск жана Пермдеги жарандар (ооруга чалдыккандар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайгандар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар) алынып келди.

«Тизме жарандардан жана Уралдагы кыргыз диаспораларынан түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлдү. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн буга чейин сатылып алынган билеттери эске алынды», — деп айтылат маалыматта.