Бүгүн, 31-июлда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +27…+32

Талас облусунда +25…+30

Баткен облусунда +31…+36

Ош жана Жалал-Абад облустарында +31…+36

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда+21…+26

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы +30…+32 градус болот.