Kadam-Media.kg порталы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктайт!

Урматтуу мекендештер, Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Жараткан бардык максаттарыңыздарды орундатып, эмне тилектериңиздер болсо жеткирсин. Элибизде ынтымак, биримдүүлүк жана мамлекетибизде өсүп-өнүгүү болсун! Аты жаман илдеттен алыс болуп, ар бир үй-бүлөдө күлкү жаңырып, бактылуу жашоо каалайбыз! Коломтоңуздардын оту өчпөй, дасторконуңуз нанга, кырманыңыз данга, жүзүңүз нурга толсун! Курман айтыңыздар маарек болсун!