31-июлга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 4
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 6
• Талас облусунда – 1
• Баткен облусунда – 6.

Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты.