31-июлда Кыргызстанга «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты боюнча Россиядан 184 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Красноярск, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарларынан келишти.

Мындан тышкары бул борт менен Кыргызстанга Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан эки ИВЛ аппараты жана 200 миң рублдан ашык суммадагы дары-дармектерден турган гуманитардык жүк келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.