Бир катар мамлекет башчылары Кыргызстанды жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алгачкы куттуктоо коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден келип түшкөн. Ал коңшу элдердин биримдиги артып, Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келүүсүн каалап өткөн.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да кыргыз элин Курман айт менен куттуктап, эки элдин ортосундагы ынтымак бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.

Кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен Түркия, Түркмөнистан, Оман, Алжир, Египет, Иран жана Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян жана Афганистан башчысы Мохаммад Ашраф Гани да куттуктап кетишкен. Өлкө башчылары элге жакшылык, өсүп-өнүгүү жана ынтымак каалашкан.