Биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Бишкек-Ош жолундагы «Төө ашуу» ашуусунда акы төлөнүүчү туннель куруу боюнча  инвестициялык демилге талкууланган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

«Бишкек-Ош жолу республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам болуп саналат. Бул жолдун стратегиялык мааниси чоң. Ошондуктан оор жүк ташуу, коопсуздук, аба ырайынын катаал шартында каттамды бузулушун алдын ала турган  альтернативдүү туннель куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду кароо жана талкуулоо чечими кабыл алынды», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Бардык эл аралык стандарттарга жооп берген жана коопсуз жаңы инфраструктуралык объектти куруу менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болору айтылды.

«Пандемиядан кийинки кризисти эске алып, бул долбоорду ишке ашыруу менен экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет жана товарлардын көлөмүнүн көбөйүшүн шарттайт. Ошондой эле ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот. Бул жааттагы долбоорлорду жүзөгө ашырууда тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорго сунуш кылабыз. Инвестициялык келишимди түзүүдө өлкө жергиликтүү жана республикалык бюджеттеги кирешелердин үлүшүн аныктоо менен максималдуу пайда табуусун эске алуу керек», — деп белгиледи Алмазбек Баатырбеков.