Эгерде жеке коргонуу каражаттары жөн гана кампада сакталып же кепилденген төлөмдөр убагында берилбесе, саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги жоопкерчилик тартат. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Күн сайын ар бир региондун ооруканаларында, медицина мекемелеринде жеке коргонуучу каражаттарынын жетишсиздиги жана калдыктары тууралуу маалыматтарды алып турабыз. Ошого жараша бул жактан жеке коргонуучу каражаттар жиберилет. Бул боюнча атайын мониторинг жүргүзүлөт. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин төлөмдөрү чегерилип, бирок убагында төлөнбөсө, ошол медициналык мекеменин жетекчилиги өздөрү жоопкерчилик алышат”, — деп билдирди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.