Кечээ, 30-июлдан тарта Казакстанда жарандарга милдеттүү түрдө бет кап кийип жүрүү керектиги айтылган. Эгерде бет кап тагынбай жүргөндөр болсо алар ири суммада тактап айтканда 83 миң теңге айып салынат. Айып пулдар кичинекей балдарга дагы тиешелүү. Анткен менен 2 жашка чейинки балдардын бет кап тагынып жүрүүсү кооптуу экенин дарыгерлер эмитен тынчсызданып жатат.

Дарыгер Дмитирий Киреевдин айтымында, кичинекей балдардын бет кап тагынып жүрүшүнө Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна каршы чыкты.

«Америкада 2 жашка чейин балдарга ата-энелер бет кап такса айып пул салынат. Себеби балдар бет кап тагынган учурда тумчугуп калышы мүмкүн. Ал тургай дарыканаларда деле булар үчүн бет кап жок. Анысы аз келгенсип жаш балдарга дагы 83 миң теңге төлөшөт экен бул эмне деген шундук. Бул акча бир үй-бүлөнүн бир айлык кирешеси. Министр буйрукту тезинен карап чыгуу керек. Балдарды коомчулуктан оолак кармап, эл көп топтолгон жерге алып барбоо керек”,-деди Киреев.