Жеке ишкер, бир катар кайрымдуулук иштери менен коомчулукка белгилүү болгон Каныбек Туманбаев Курман айт майрамына арнап Аксыда он баш бодо мал союп, райондун 12 айыл өкмөтүндө жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып берди. Курман айттын касиети ынтымакка, кайрымдуулукка чакырганында эмеспи. Каныбек Туманбаевдин чалган курмандыгынын сообу тийсин!