АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи Россия, Кытай жана башка өлкөлөр коронавируска каршы вакцина ойлоп табууда АКШны артка калтырып кетээрине ишенбейт.

«Биз бул багытта өтө бачым иш алып барып жатабыз. Менин оюмча, бизден мурда кайсы бир мамлекет вакцина ойлоп таап жибере албайт», — деди Фаучи конгрессте сүйлөгөн сөзүндө.

Учурда АКШда аталган вакцинанынын үстүндө бир нече жеке компаниялар иш алып барышууда. Ал тургай, алардын бири вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычына келген жана клиникалык сыноолорго 30 миң адам тартылган

Белгилей кетсек, буга чейин РФ вице-премьер-министри Татьяна Голикова Россияда «Вектор» медициналык борбору тарабынан иштелип чыккан эки вакцина көптү үмүттөндүрүп жаткандыгын айтып чыккан.