АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон эч качан педофил-миллионер Жеффи Эпштейндин менчик аралына барган эмес.

Бул тууралуу Клинтондун расмий өкүлү Анхель Урена өз Twitter баракчасына жазып чыкты. Буга чейин тергөө учурунда каза болгон педофил-миллионер Жеффи Эпштейндин иши боюнча жаңы фактылардын бети ачылган.

Башкача айтканда, миллионерге «секс-күңдөрдү сатчу» деп кине койгон Вирджиния Жуффе атуу аял өз көрсөтмөсүндө «педофилдер аралынан» бир жолу АКШ мурдагы лидери Билл Клинтонду эки жашы жете элек кыз менен көргөндүгүн айткан.

Белгилей кетсек, Жеффи Эпштейн 2019-жылдын 6-июлунда Нью-Йорк шаарында колго түшүп, соттун чечимин күтпөстөн 10-август күнү өзүн-өзү өлтүргөн.

Миллионер интернет аркылуу жашы жете элек кыздарды азгырып алып чыгып, сексуалдык жактан эксплуатациялоого мүмкүнчүлүк берген криминалдык тармак түзүү боюнча айыпталып жаткан.

Айрым маалыматтар боюнча анын курмандыктарынын эң кичүүсү болгону 14 гана жашта болгон.