Ош облусунун Араван районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел кечээ, 31-июль күнү саат 19:00 чамасында жүргөн. Жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Папан-Кичи-Алай унаа жолунун 82-89-чакырым аралыктарында сел жүрүп, унаа жолду кум шагылга толтурган.

Бүгүн, 1-августа жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.