Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында, тактап айтканда Боом капчыгайында бүгүн, 1-июлга караган түнү тоо боорунан жолго чоң таштар түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлагандай, мындан улам унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, түшкөн таштарды тазалап жол боюна чыгарышкан.