Баткен облусунун Лейлек районунун 1984-жылкы туулган жаштары пандемия менен күрөшүүгө салым кошуу максатында өз каражаттарына 100 дөн ашуун керебеттерди жасап район башчысы  Баймурат Бекмуратовго тапшырышты.

Өз кезегинде район башчысы жана жергиликтүү тургундар Сүлүктү шаары жана Лейлек районунда 1984-жылы туулган эр азаматтардын кичи мекенине көрсөткөн жардамына терең ыраазычылк билдиришти.

Жардам көрсөткөн жигиттер бул керебеттер келечекте төрөт үйлөрүндө кызмат кылуусун, апаатан эртерээк элибиз арылуусун тилешти.