Ысык-Көл облусунун Ак-суу районуна караштуу Маман айылынын имамы Максат Тукубековгожергиликтүү айылдын жаштары чогулуп каражат топтоп, «AUDI C4» авто унаа белек кылышты. Бул тууралуу айыл тургуну Кангелди Жусупов билдирди.

Анын айтымында, унааны атайын Курман айт майрамынын урматына утурлай жаштар демилге көтөрүп, өз ыктыярлары менен имамга белек катары тартуу кылышкан.

“Биз айылдын жаштары буга чейин дагы кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жардамга муктаж биртуугандарыбызга, кары-картаңдарыбызга көмөк көрсөтүп, колубуздан келген жардамыбызды берип келебиз. Бүгүн, Ыйык Курман Айттын урматына деп, имамыбыз Максат Тукубековдун айылыбыз үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлака үндөп келгендигине ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чечтик”,-деди Жусупов.

Максат Тукубековдун имамдык кызматты аркалап келе жатканына 5 жылдан ашты. Жаш 39 да үй-бүлөлү. Өзүнүн турак жайы жок болгондоктун батирде турат.