Биз айылга жөнөп чыгыш авто бекетинен машинага отуруп аттандык. Баштыгына балдарына алган таттууларын салып, ак жуумал жашы 45 ке барып калган эже менин жаныма отурду. Арткы орундукта көпкө чеийн отуруп ээриккенде ошол эже тынчтыкты бузуп, студентсиңби деп сурады. Жылмая карап ооба дедим. Сенин курагың кандай соонун, турмуштун отуна күйө элек кезиң деп калды. Баш ийкеп койдум. Оор улутунуп, сөзүн улады. Жаш болуп жаңылып, анан тагдырга багынып балдарды багам деп жашоонун кандай өткөнүн да сезбей калыпмын. Эми баары кеч, жашоомду башка нукка бурууга өтө эле кеч болуп калды,- деп кеп козгоп баштады жанымда отурган эже.

Өзү зирек, турмушта көп ирет кыйналганы көздөрүнөн көрүнүп турат.

Мен төрөлгөндө атам эки уулдан кийин кыздуу болгонуна кубанып, достору менен майрамдап, жумшак жаздыкка көмкөрөсүнөн жатып ошол бойдон ойгонбой оо дүйнө кете берген экен. Ошентип атасыз өстүм.. Апам байкуш үчөөбүздү ойлоп турмушка чыкпады. Бирок, 42 жашында апам бизди тыштап атамдын жанына кете берди. Эки агам карындашыбыз деп канаттууга кактырбай карады. Агаларым үйлөндү, сендей кезимде эл менен агылып Россияга кеттим. Ал жактан жакшы иштедим. Күндөрдүн биринде кара тору жигит менен тааныштым. Экөөбүз жакын болуп кеттик. Ошентип Россияда баш коштук. Бир аз убакыт жүрүп Бишкекке келдик. Бир күнү бир аял долуланып үйгө  кирди, оозуна ак ит кирип кара ит чыгат. Көрсө жолдошумдун үй бүлөсү бар экен. Мен кетем деп чыктым, жолдошум аны менен жашабай турганын айтып жалынып туруп алды. Анын үстүнө жаңы эле боюма бүткөн.  Мындан кетсем кайда барам, ата-энем жок болсо, агаларымды кыйнагым келбеди. Ошентип жашап калдык. Бир күнү жолдошум мас болуп келип катуу сабап салды. Эгер мен кыз чыкпаганда мага үйлөнбөшүн, мен анын тагдырын талкалаганымды, жеңил кыз деп ойлоп жатып алганын,эки жумадан бери аялы менен жолугуп жүргөнүн айтты. Үстүмөн бирөө муздак суу куйгандай болду.  Ыйладым эч кимге айтпадым. Кайгырдым, кабыргам кашайды, ата-энем болсо канатына калкалай турганын эстедим.

Тагдырдын башка салганы деп жашай бердим. Менин эч кайда кетпешимди билип, жолдошум аялы менен элдешип алды. Экөөбүз менен тең жашайт. Бир ирет калп кызганган адам болуп чуу чыгарып үйдү өртөдү,көп иче турган болду. Тапканын эки үй бүлө багам деп эки жакка бөлүп кыйналып ур тепкиден чыгара турган болду. Улуу агам кол көтөргөнүн билип калып катуу сабады жолдошумду. Эки күн жатып өзүнө келди экинчи урбайм деп сөз берди.  Мен тигүүчү болуп иштеп баштадым. Кызым чоңоюп калды, кудай берип дагы уулдуу болдук.  Бирок, жолдошум өзгөрбөдү, агаң мага кол көтөргөн деп урганын койбоду. Ажырашып кетейин  десем бара турган жерим жок, экинчиден өзүм атасыз өскөнгө балдарды атасыз калтыргым келбейт. Ошентип жүрүп мына 45 ке келдим, балдар чоңойду, жолдошум ата деген эле аты болбосо балдарды бүт өзүм багам. Кыйналганда өзүм күнөөлүүмүн,өзүм тийгем чыдайм деп жүрүп жашоону өткөрдүм. Ошондо жаштык кылган экем, кызым төрөлгөндө эле басып кетсем, балким жашоом башкача болот беле. Жаштыгыма салып эки ирет жаңылыпмын. Биринчиси турмушка чыкканымда, экинчиси багынып бербей басып кетпегенимде. Сага айтаарым жылуу сүйлөгөн эле адамга жибий бербе деп эжеке көзүндөгү жашын сүрттү. Бир кезде карасам эженин жашоосун элестетип ылай берипмин көздөрүм шишип калыптыр. Төө-Ашууга жетип калыпыз, жерге түшүп абадан кере дем алып, Таласка карай жол уладык. Жеткенче ар кайсыны айтып эженин көңүлүн алып жаттым.