«Бүгүнкү кырдаалды адистер, “абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда“ деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок, мындай шашылыш баа берүүгө дагы эрте», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы дүйнөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу абал да бир кылка калыпка келе электигин белгиледи.

«Өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Окуп-көрүп жатасыздар. Кээ бир „ушул пандемия токтоп калды, азайды“ деп карантинди алган өлкөлөрдө дагы, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бул илдет кайрадан башталып атат», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ар бир жараны дагы деле кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, ар ким өзүн, өз жакынын коргоосу зарыл экенин белгиледи.

«Ошондуктан, бекем тартипти унутпайлы. Негизги көңүл дары-дармек менен камсыздоо, ооруканаларыбызды кышка даярдоо, жаңы ооруканаларды куруу, эскилерин жаңы талапка ылайык өзгөртүү дегендей иштерди жүргүзүп жатабыз. Азыр мына ушул иштерди катуу көзөмөлгө алдык, Өкмөт бул багытта иштеп жатат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент кырдаалды мамлекеттик органдар менен Өкмөт гана оңдой албастыгын баса белгиледи. «Ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти катуу кармасак, бул илдетти буюрса жеңебиз», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«30-июнь жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, бул илдеттен каза болгон мекендештерибизди эскердик, аларга арнап Куран окудук. Бул илдет ар бир кыргызстандыктын тынч жашоосуна бүлүк салды. Көптөгөн мекендештерибиз аза кайгысын тартышты. Мен дагы чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум. Баарыбыздын тагдырыбыз бир болуп турат. Эми, мына ушул кыйын күндөрдөн да чогуу, биримдикте Кудайдын колдоосу менен буйруса чыгабыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.