Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ага катталган ишкана жана үй-мүлкү жөнүндө түшүндүрмө берди. Жаманкуловдун айтымында, 2008-жылы ачкан «Риэлт Партнер» компаниясы ошол жылдары эле ишмердүүлүгүн токтоткон.

Министр ал компания документте кала бергенин жана аны жок кылууга арыз жазылганын билдирди. Ал эми үйү жөнүндө маалыматтарды четке какты.

“Аянты 1500 чарчы метр болгон үйү бар” деген маалымат жалган. Аянты 15-20 чарчы метр батирим бар. Азырынча шарт түзүлбөгөндүктөн ал жакта жашабайбыз. Аялым экөөбүз ижарага батир алып жашайбыз. Аялым дагы мамлекеттик кызматкер. Экөөбүз тапкан киреше батирдин ижарасына жана башка чыгымдарга кетет. Андыктан мен мамлекеттик кызматта иштеп турганда кандайдыр бир үй-мүлк алды деген абсурд”, — деди Жаманкулов.

Жаманкулов эч качан коррупциялык иштерге аралашпаганын кошумчалады.

Белгилүү болгондой, буга чейин Economist.kg сайтты маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2015-2016-2018-жылдары тапшырган декларациясында үй-мүлкүн жана бизнесин көрсөтпөй койгонун жазып чыкты. Economist.kg Жаманкулов ээси катары көрсөтүлгөн «Риэлт Партнер» компаниясы казынага бир сом да төлөбөгөнүн белгилеген.

33 жаштагы Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп 2018-жылы 26-октябрда дайындалган. Ага чейин 2015-жылдан бери туризм департаментин жетектеген.