«2021-жылы „Ишкердик субъектилерди каржылоо“ атайын программасын каржылоонун көлөмүн 40 млрд сомго чейин көбөйтөбүз. Үстүбүздөгү жылы программа боюнча каржылоо көлөмү 14 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө болот. Бул быйылкы жылга кабыл алынган пландар, баштапкы этап», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы учурдагы түзүлгөн оор кырдаалда ишкердикти колдоо багытында бир топ иш-аракеттер жасалып, тиешелүү каржы институттары менен иш алып барылып жатканын кошумчалады.

«Ошол жактардан дагы каражаттарды тартабыз. Программанын алкагында коммерциялык банктарга Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд. сом бөлүндү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бул программанын алкагында биринчи жеңил өнөр жайы, туризм, фармацевтика өнөр жайы, жүк ташуулар, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына өзгөчө басым жасаларын баса белгиледи.

«Ушул каражаттарды биз жумушчу орундарды түзүп, айрыкча экспортко чыгып аткан ишкерлерге жана импорттун ордун толтуруп жаткан ишканаларга жумшайбыз. Бул боюнча иш токтобойт, көзөмөлүмдө. Мен дагы Өкмөткө жардам берип, финансы булактарын сырттан издөө боюнча иштерди жүргүзүп жатам. Биздин ишкерлерди колдоо фондуна каражат топтоп, ошол койгон максатыбызга жетебиз», — деп баса белгиледи Президент.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы аталган каражат ишкерлер чөйрөсүнө даректүү жетишине ишенбөөчүлүк, бул процесске чиновниктик бюрократиянын, тааныш-билиштиктин таасирлерине токтолду.

«Эми андай кооптонуулар бир жагынан туура. 2019-жылы 2 млрд сом биринчи жолу республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Айрыкча, экспортко чыгып жаткан кайра иштетүү өнөр жайын колдоого басым жасалган. Мына ушул маселе да бюрократташып, 534 млн сому берилип, калганы берилбей калды», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бул маселе вице-премьер-министр Эркин Асрандиев тарабынан көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

«Ошондой болбой бул процесстердин баары банктар аркылуу көзөмөлдөнүшү керек. Ошол тиешелүү жумуш ордун түзүп жаткан, жакшы иштеп экспортко чыгып жаткан, импортту толтуруп жаткан ишкерлер менен ишканаларга тездик менен каражаттар жетиши керек. Муну көзөмөлдөп жатам, иш башталды. 7 айдын жыйынтыгы боюнча дагы бул маселеге кайрылып келебиз» — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.