Баарыбызга белгилүү гречка дүйнөгө дан азыктарынын ханышасы катары таанылган. Ал азыктык өзгөчөлүктөрү, даамдуулугу жана негизгиси ден соолукка тийгизген пайдасынан улам мындай атка ээ болгон. Гречка эмнеси менен мынчалык пайдалуу болду экен, көз жүгүртүп көрөлү.

Темир.

Гречка өзүнө темирди камтыганы боюнча эң алдыңкы орунда турат. Бул жагынан эт менен дээрлик бирдей деңгээлде турат. А темир кандагы эритроциттердин калыптанышын шарттап, гемоглобинди жогорулатарын баарыбыз эле билебиз. Мына ушул себептен улам дарыгерлер аз кандуулук менен ооругандарга гречканы сунушташат.

Калий.

Анын курамындагы калий кан басымынын туруктуулугун камсыздап келет.

Рутин.

 Рутин кан тамырларынын морттугун токтотот. Тагыраагы, операциядан кийин кеткен кандын бат токтошун камсыздайт. Бул айрыкча улгайыңкы жана кош бойлуу айымдарга маанилүү болуп саналат.

Кальций.

Ал эми кальций сөөктүн морт болушунан, тырмактын жука болушунан жана кариестен сактайт.

Фолий кычкылы.

Гречка кош бойлууларга да абдан пайдалуу. Анткени курамындагы фолий кычкылы түйүлдүктүн баш мээсинин жана нерв системасынын туура калыптанышын шарттайт.

Аны менен катар фолий кычкылы кан айланууну нормалдаштырып, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга жардамын тийгизет.

Жез.

Курамындагы жез болсо чачы түшүп жаткандарга пайдалуу. Ошондуктан муну сулуулук азыгы катары да рационуңузга киргизип алсаңыз болот.

Магний.

 Ал эми магний болсо депрессиялык абалыңыз менен күрөшүп, нерв системаңыздын иштешин жакшыртат. Ошондой эле чарчоодон арылтат.

В2 жана В9 витамини. Бул витамин адамдын организминдеги уулуу заттарды, токсиндерди айдап чыгарат.

Ошондой эле адамдагы клеткалардын улам жаңыланып турушун камсыздап келет.

Фосфор.

Бул элемент адамдын боору үчүн пайдалуу болуп саналат. Ошондой эле сөөктөрдүн бекем болушун шарттайт.

Кобальт.

Адамдын организминде белоктордун пайда болушун камсыздоочу касиетке ээ болуп эсептелет. Кант диабети жана кан рагы, СПИД болуп ооругандарга зарыл элемент катары билинет.

Гречка төмөндөгү учурларда пайдалуу болуп саналат:

гемоглобин төмөн болгондо

холестерин жогору болгондо

кан коюуланып бат уюган учурда

кант диабетинде

ашыкча салмактан арылууда

жүрөк-кан тамыр ооруларында

геморройдо

нерв системасы бузулуп жабыркаганда

Мындан тышкары дарыгерлер гречканы адам өзүн алсыз, чарчаңкы жана такай стресс абалында сезген учурда да сунуштап келишет. Анткени гречка допамин гормонунун пайда болушун камсыздайт. Ал болсо депрессиядан бат чыгып кетүүгө шарт түзөт.

Гречкадан жаздык да жасалат

Гречка азык катары гана колдонулбастан, жаздык жасоого да пайдаланылат. Андан жасалган жаздык терди өзүнө сиңирип алып, температуранын туруктуулугун камсыздайт. Бул жаздыктардагы массаж эффектиси моюнда бырыштардын пайда болушун алдын алат. Ошону менен бирге кош ээк болуудан арылтат. Чачтардын коюу болуп жакшы өсүшүн да шарттайт. Анткени массаж кылуу аркылуу кандын чачтын тамырларына жетүүсүнө өбөлгө түзөт. Адистер гречкадан жасалган жаздыктарды спортсмендерге, айдоочуларга, физикалык оор жумуштарда иштегендерге жана дагы ден соолугуна кам көргөн бардык адамдарга сунушташат.

 Анткени бул жаздыктардын сколиоз, остеохондроз, артрит, радикулит, неврит сыяктуу бир топ оорулардын алдын аларын ырасташат.

ИНТЕРНЕТ БУЛАГЫНАН АЛЫНДЫ

Эркеайым Шакировна Боталиева