2020-жылдын 31-июлунда Ошко Екатеринбургдан «Уральские авиалинии» ААКнын чартердик каттамы менен мекенине 239 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Аталган каттам менен Ошко Россияда окуган студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Курган жана Пермде жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Уральские авиалинии» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Урал федералдык округунда жашаган жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.