Көп байкайм, бизде жөнөкөй кишилерди айтпай эле коеюн, супер-пупер кыйын деген кишилер, саясатчы, звезда, акылдуу, көптү билген академик, дүйнө жүзүн түрө кыдырган саякатчы болсо да, эмоционалдык интеллекти көбүнүкү өтө төмөн.

Эмоционалдык интеллект деген эмне?

Эмоционалдык интеллект деп, өзүнүн жана өзгөнүн эмоциясын сезе билуу жана башкаруу. Эгер IQ интеллектуалдык, логикалык жана аналитикалык шыгын ченесе, ал эми EQ-жеке адамдык жана социалдык, коомогу жашоо шыгын ченеп көрсөтөт. Мин кыйын, акылдуу киши болсо да, эмоциясына алы жетпесе, жашоосундагы көп нерсени бузуп алат.Эмоционалдык интеллектин төрт критерийин жакшы оздоштуруп алсаныз, жашоодо коп нерсеге жетишесиз:

Ан-сезимдуулук (self-awareness)-өзүнүн эмоциясын талдап, контролдой алуу. Өзүнүн жаман жагын жана артыкчылыгын анализдеп, андай билүү жана колдоно билүү. Өзүн-өзү контролдоо (self-management) — өзүнүн эмоциясын кармап, эмоциясын башкарып, көзөмөлдөй алуу. Оор кырдаалда да эмоцияга алдырбай, өзүн жоготпой, кырдаалды акыл менен көзөмөлдөй алуу.

Эмпатия (empathy)- Айланасындагы адамдардын мамилесин талдай алуу жана ошого жараша мамиле кылуу. Оппонентин уга билүү жана сыйлоо.

Мамилелешуу шыгы (relationship skills)- Адамдар менен мамиле түзө билуу, конфликт болсо аны чече билүү, башкалардын эмоциясына эмоция менен жооп бербоо жб.

Айрыкча соцсеттерде башка бирөөнүн пикирин укпоо, сыйлабоо, жакпай калса блоктоп кою, пикирлерге аргумент менен эмес, кемсинтүү, агрессия, шылдың менен жооп берүү, өзүн башкалардан бийик сезүү, ушак айтуу, ушакка ишенүү, ушактан бүтүм чыгаруу, башка бирөөнүн айтымы менен гана ой-жүгүртүү сапатары-дал ушул эмоционалдык интеллекти төмөн экенин агийнелейт. Анан ушундай эмоционалдык туруксуз кишилер кайсы бир наамга, кызматка претендовать эткенде, аргасыз жылмаясын. Бирөөнү уга алышпайт, анан элди каяктан угушат да кантип элдин атынан сүйлөй беришет?

Негизи публичный кишилер EQ тарабынан аябай иштеш керек, EQсун өстүрүш керек!

Рысгүл Акимжанова