Кечээтен бери Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин массалык маалымат каражаттары (СМИ) аркылуу коомчулука өзүн көрсөтүп пиярит этпей эле бир топ иш жазаганын уктум жана билдим. Кечээ күнү, жакын арада каза болушкан, мамлекттик кызматтарда мурун иштешкен, коомдук ишмерлер Мукар Шалтакович, Жыпар Жекшеев, Чыныбай Турсунбеков, Жангороз Каниметов жана дин аалымдары Чубак ажы Жалилов, Садиридин ажы Маджитовдордун үйлөрүнө барып Куран окутуп, үй-бүлөлөрүнө көңул айтышы жеке мени жибитти.
Экинчиден, бүгүн Кыргызстандагы бардык аймактарында, мындайча айтканда 450дөн ашык айылдын мечиттеринде курмандык чалынып, элдерге эттери таратылып берилиптир жана Жараткандан жакшылыка суранышып ДУА кылышканы жакшы жышан. Бул да болсо Ажоонун жөнөкөйлүгү жана Жараткан билсин деген мусулманчылык сыпаты катары бааладым. Муну менен эмне айткым келди. Президентти жамандап эле негатив жаза бербей жакшы жагын дагы жаза билсек деген гана ой.

Президентти кээде мен деле сындап келем, андан сырткары менин Жогорку Кеңешке парламентке барайын деген ойум да жок, бул эми кошоматтанып атасыңбы дегендерге….

Макала фейсбук колдонуучу Бакыт Нурдиновдун баракчасынан алынып, өзгөртүүсүз берилди.