Улуу Британиянын Charities Aid Foundation фондунун эксперттери дүйнөдөгү эң жоомарт 20 элдин бири деп Кыргызстандыктарды тапты. Бул тууралуу vestikavkaza.ru басылмасы жазып чыкты. Анда бир жыл ичинде Кыргызстан дароо 83-орундан 18-орунга көтөрүлүп, изилдөөдө кайрымдуулук жасагандардын жалпы көлөмү төрт эсеге көбөйгөн. Британиялыктардын ою боюнча, бул Орозо айында Кыргызстандагы мусулмандардын жигердүүлүгү да себеп болгону айтылат маалыматта

Ошондой эле, изилдөө жүргүзгөндөрдүн айтымында, өлкө жашоочулары убактысынын 36% ын ыктыярдуулукка жумшашат. Башкача айтканда, Кыргызстандыктар өлкөдө кеңири жайылган «ашар» ыкмасы менен турак жай курууга кол кагыш кылаары да белгилүү болгон.

Аталган фонд бул изилдөөнү үч критерийдин негизинде жүргүзгөн: тартылган акчанын көлөмү, бейтааныш адамдарга көрсөтүлгөн жардам жана ыктыярдуу иштөөгө бөлүнгөн убакыт.