АКШ Айыл чарба министрлигинин жан-жаныбарлар жана өсүмдүктөрдү текшерүү инспекциялык кызматынын директорунун орун басары Осама эль-Лисси Кытайдан келген табышмактуу посылкалардын ичинен чыккан кадимки үрөндүн 14 түрү аныкталгандыгын билдирди.

Бул өңдүү посылкалар Кытайдан Японияга да жеткирилген. Жөнөткөн тарап тууралуу эч кандай маалыматтар берилбегендиктен бул өз кезегинде мамлекеттердин фито-санитардык көзөмөл кызматтарынын кооптонуусун жараткан.

Белгилей кетсек, мындай учурлар Австралия менен катар эле АКШнын 20 штатында катталган.